Авторизация



Зарегистрироваться | Забыли свой пароль?

кыз бурак новые песни 2015 мр3 - безвозмездно слушать песню Кыргызымдын жигиттери или скачать в mp3



Эта страница посвящена популярной песне Кыргызымдын жигиттери, Кыз Бурак.
Вам доступны следующие возможности:
  • скачивание в mp3
  • прослушивание онлайн
  • текст песни
  • просмотр видео клипа с песней
  • добавление в плейлист, доступно только для зарегистрированных

Добавлен: 2015-09-15

Песня называется: Кыргызымдын жигиттери

Автор: Кыз Бурак

Время mp3: 03:15

Всего просмотров: 728

Оценка: 0



Скачать

Другая музыка автора Кыз Бурак


Текст произведения:

Ала качып, ала качып,
Аргымактар арыш керет.
Азанатып, азанатып,
Азаматтар намыска бек.
Шамдай жанып алышып,
Шамал менен жарышып,
Жүзүн сүртүп булутка,
Жүрөгү - от, каны ысык.
Ала-Тоону бел кылып,
Ата Журтту дем кылып.
Абалтадан шок болот,
Алоолонгон от болот.
А болбосо жок болот,
Кыргызымдын жигиттери!

Дүңгүрөтүп, дүңгүрөтүп,
Жердин үстүн тулпар келет.
Дүркүрөтүп, дүркүрөтүп,
Дүйнө жүзүн шумкар келет.
Кымыңдашат кыргыздар,
Жымыңдашат жылдыздар.
Ал анткени алардын,
Арасында Чыңгыз бар.
Аалам кезет жомоктой,
Ак калпагын жоготпой.
Акыл-эсин камчылап,
Аккуладай алкынат.
Ай-жылдызга талпынат,
Кыргызымдын жигиттери!

Учту мына, учту мына,
Айчүрөкпү же ак куубу?
Шукшурула, шукшурула,
Жигит шумкар сыяктуубу?
Закымдады кыз улам,
Жакындады боз улан.
Ана жетти, жетти, жетти,
Бек кучактап кетти, кетти, кетти.
Ак сүйүүгө бек болот,
Ак достукка чеп болот.
Кызыл гүлүң соолбосун,
Кыдыр болуп жолдошуң,
Кыраан Манас колдосун,
Кыргызымдын жигиттери!



Кино:

Кыз Бурак Кыргызымдын жигиттери





Комментарии

Напишите комментарий



Captcha: